Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-декабры № 680-б
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жана Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясы үчүн 2 даана "Нива-тайга" маркасындагы автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен зарыл болгон каражаттарды издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жогоруда көрсөтүлгөн автомашиналарды сатып алууга бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- автотранспорттук каражаттарды сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзсүн;
- аталган автотранспорттук каражаттарды Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жана Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|