Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-декабры № 681-б
Сокулук райондук кеңешинин "Кызматтык автомашина сатып алуу жөнүндө" 2008-жылдын 28-ноябрындагы № 2-25-3 токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрациясына кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн Сокулук райондук бюджетинин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен бир жеңил автомашина сатып алууга белгиленген тартипте уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|