Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-декабры № 688-б
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2008-жылдын 30-ноябрындагы № 3 31/170 "Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы үчүн кызматтык автотранспорт сатып алуу жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына кызматтык максатта пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен белгиленген тартипте бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык ишке ашырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|