Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-декабры № 697-б
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын жергиликтүү соттордун имараттарын жылытууну отундун альтернативдүү түрлөрүнө которуунун зарылдыгы боюнча кайрылуусуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти 2008-жылдын 29-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын жылытууну отундун альтернативдүү түрлөрүнө которуу үчүн зарыл болгон эсептерди жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республиикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын жылытууну отундун альтернативдүү түрлөрүнө үчүн Кыргыз Республикасынын Сот департаменти берген эсептерге ылайык 4 105,4 миң (төрт миллион жүз беш миң төрт жүз) сом суммасындагы каражаттарды Кыргыз Республикасынын Сот департаментине бөлүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |