КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-декабры № 700-б
Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2008-жылдын 6-майындагы чечимине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2008-жылдын 21-ноябрындагы токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан "Кыргыз Республикасынын биринчи Президентинин китепканасы" коомдук фондунун имаратын жана курулмаларын белгиленген тартипте инвентаризация жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына өткөрүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|