Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 30-декабры № 704-б
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өздүк курамынын социалдык-тиричиликтик шарттарын жакшыртуу жана турак жай менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Коммунар көчөсү, 91 дареги боюнча жайгашкан 1,5 га жер участогун андан ары аны жеке турак жай курууга Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына бөлүп берүү үчүн Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө өткөрүп берсин.
2. Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө жогоруда аталган жер участогун Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жеке турак жай куруу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- жер участогун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын турак жайга муктаж болгон аскер кызматчыларына белгиленген тартипте берүү;
- өзүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 4-з чечимин ушул буйрукка ылайык келтирүү.
4. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|