Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 31-декабры № 706-б
2009-жылы Кыргыз Республикасынын аймагына Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасына (мындан ары - БМТК ФМУИ) "РТР-Планета", "Культура" жана "Радио России" телекөрсөтүү жана радиопрограммаларын берүүнү камсыздоо максатында, Москва шаарында 1996-жылдын 28-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагына Россия телерадиоберүү уюмдарынын программаларын жайылтуу тартиби жана шарттары жөнүндө Россия Федерациясы Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун 5-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына БМТК ФМУИнин телекөрсөтүү жана радиопрограммаларын берүү үчүн техникалык каражаттарды берүү жөнүндө "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому менен БМТК ФМУИнин ортосунда түзүлгөн Келишимди (мындан ары - Келишим) бир жыл мөөнөткө узартууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкаруу органынын кароосуна Кыргыз Республикасынын аймагына БМТК ФМУИнин телекөрсөтүү жана радиопрограммаларын берүү үчүн техникалык каражаттарды берүү жөнүндө БМТК ФМУИи менен Келишимди узартуу жөнүндө маселени киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|