Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 31-декабры № 709-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "2002-жылдын 28-июнундагы З № 830-II "Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга төмөнкүлөр сунушталсын:
- кыргыз тилинин жаңы орфографиясын өзүнчө басып чыгарууну уюштуруу жана аны менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык мамлекеттик мекемелерди Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондусуна каралган каражаттардын чегинде камсыз кылуу;
- мамлекеттик мекемелер тарабынан чыгарылган окуу китептеринин жана башка басма продукцияларынын тексттеринин мазмунун кыргыз тилинин орфографиясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык келтирүү.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинин жаңы орфографиясын колдонууга киргизүүнү ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2009-2010-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасындагы калктуу конуштардын, жер-суулардын аталыштарын кыргыз тилинин жаңы орфографиясына ылайык келтирсин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- административдик-аймактык түзүлүштөрдүн аталыштарын кыргыз тилинин орфографиясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык келтиришсин;
- ушул буйрукту аткарууда тийиштүү аймакта жайгашкан бардык мекемелер менен уюмдарга көмөк көрсөтүшкөн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|