Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 31-декабры № 710-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы 415 «Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана макроэкономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык өсүштүн темпин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мыйзамда белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттүн ичинде өлкөнүн ички рыногунан ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн ГОСТтун талаптарына жооп берген, сапаты боюнча 3-класстан төмөн эмес 20 ООО (жыйрма миң тонна) аштык буудайды мамлекеттик резервге коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баада сатып алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аштык буудайга бааны апталык мөөнөттүн ичинде белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- аштык буудай сатып алууну мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгарылган товардык-материалдык баалуулуктарды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен каржыласын;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өмөтүнө киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |