Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 31-декабры № 711-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-мартындагы
№ 124-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кызматтык жайлар менен камсыздоону тартипке келтирүү, мамлекеттик администрациялык имараттарды мамлекеттик башкаруу органдарынын натыйжалуу пайдалануусу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтуна Бишкек шаары, Тыныстанов көч., 107 дареги боюнча жайгашкан имаратты жанындагы аймагы менен кошо Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигине Бишкек шаары, Киев көч., 96 "Б" (оң канаты) дареги боюнча жайгашкан имараттын 3-кабатындагы ээлеген бардык жайларды белгиленген тартипте бошотуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны 8 кабинетке кабылдамасы менен Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги бошотуучу Бишкек шаары, Киев көч., 96 "Б" (оң канаты) дареги боюнча жайгашкан имараттын 3-кабатындагы жайларга жайгаштырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-мартындагы № 124-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрге өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-июнундагы № 211-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|