КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-январы № 4-б
2009-жылдын 14-23-январында Берлин шаарында (Германия Федерациялык Республикасы) жыл сайын өтө турган "Зеленая неделя 2009" эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн:
Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда жиберилсин:
Ногоев А.И.(*) - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, делегациянын жетекчиси;
Аалиев А.К.(*) - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Абдыкеримов Ш.Ш.(**) - "Кыргыз агроөнөр жай корпорациясы" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Арабаев А.А.(*) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ашимов Т.А.(*) - "Райфайзинг" кооперативдерди өнүктүрүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Баатырбеков А.Б.(**) - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бакиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Германия Федерациялык Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Масиров К.М. (*) - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Пак Е.В.(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
Сыйданов К.С.(*) - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Шатманов К.А.(**) - "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
Эскертүү:
(*) делегация мүчөлөрүнүн баруусуна жана жашоосуна байланыштуу чыгымдар Герман техникалык кызматташтык коомунун эсебинен, суткалык чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнөт.
(**) делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
Премьер-министр
| И. Чудинов |
|
|