Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-январы № 9-б
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды 2009-жылы өткөрүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы:
- Сузак райондук кеңешинин сессиясынын кароосуна уюштуруу комитетинин курамы жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планы боюнча сунуш киргизсин;
- юбилейлик иш-чараларды каржылоону жергиликтүү бюджеттердин резервдик мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен жүргүзсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|