Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-январы № 10-б
Казинонун, оюн автоматтарынын кызматтарына милдеттүү патенттин негизинде салыктын экономикалык жактан негизделген ставкаларын белгилөө жана салыктын ставкалары төмөндөп кеткен учурда жоготуулардын ордун жабуу булактарын аныктоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Ажыбаев М.Р. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин салыктык башкаруу башкармалыгынын начальниги;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Курманбекова Р.Б. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүнүн фискалдык саясат секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Осмонов О.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин бөлүмүнүн улук консультанты (макулдашуу боюнча);
Сарыбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасынын кеңешчиси.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2009-жылдын 25-январына чейин казинонун, оюн автоматтарынын кызматтарына милдеттүү патенттин негизинде салыктын экономикалык жактан негизделген ставкаларын иштеп чыгууну жана салыктын ставкалары төмөндөп кеткен учурда жоготуулардын ордун жабуу булактарын аныктоону камсыз кылсын жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-аракетин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|