Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-январы № 12-б
"Кыргызстан - Санта-Клаустун жери" улуттук брэндди андан ары илгерилетүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 6-8-февралында: "Балдардын кыялдарында планетанын келечеги" девизи менен дүйнөнүн Санта-Клаустарынын экинчи Эл аралык кышкы фестивалын өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттикке каралган каражаттардын чегинде 2009-жылдын 6-8-февралында дүйнөнүн Санта-Клаустарынын экинчи Эл аралык кышкы фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|