Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-июлу № 345-б
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана калкка медициналык-санитардык жардамдарды уюштурууну жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Вакциналар жана иммундаштыруу боюнча Глобалдуу Альянстын колдоосу менен "Саламаттык сактоо системаларын чыңдоо" компонентинин 6750000 (алты миллион жети жүз элүү миң) сом суммасындагы каражаттарынын эсебинен вакциналарды ташуу, оперативдүү жана куратордук чыгууларды жүргүзүү үчүн 18 санитардык автотранспорт (атайын машиналарды) сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сом суммасына Саламаттык сактоону өнүктүрүү фондунда каралган каражаттардын эсебинен 3 санитардык автотранспорт (атайын машиналарды) сатып алууга уруксат берилсин.
3. Автотранспортторду сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |