Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-июлу № 347-б
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорт бирикмесинин балансына 1997-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 12098212005338, шасси № WDB1400571А340827 "Мерседес-Бенц-S 600" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашина Кыргыз , Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигин тейлөө үчүн пайдаланылаары белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |