Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-июлу № 348-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчи курамындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Европа-Кавказ-Азия" эл аралык транспорт коридорун (ТРАСЕКА) өнүктүрүү боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын чектеринде республиканын транспорт тармагынын чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 625-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- курамга Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Маматалиев Абдырахман Мадакимович комиссиянын улуттук катчысы катары киргизилсин;
- курамдан Т.К.Ниязбеков чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын курамынын өзгөргөндүгү жөнүндө "Европа-Кавказ-Азия" эл аралык транспорт коридорун (ТРАСЕКА) өнүктүрүү боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын Башкы катчысына билдирсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |