Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-июлу № 349-б
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 13-статьяларына ылайык жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш поселкасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте мамлекеттик резервден 80 тонна аштык буудайды брондон чыгарсын, ун кылып тартсын (бир үй-бүлөгө 50 кг ун эсебинде) жана Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте өткерүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган унду Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш поселкасына жеткирүүнү уюштурсун.
3. Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнча:
- шашылыш түрдө Миңкуш поселкасынын жардамга муктаж тургундарынын тизмесин түзсүн;
- бөлүнгөн жардамды акысыз негизде даректүү тапшырууну камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга республикалык бюджетте каралган чектерде зарыл акча каражатын бөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык буудайдын запасын толуктоо үчүн, ошондой эле эгинден ун тартуу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине унду дайындалган жерге жеткирүүнү уюштуруу үчүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |