Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-июлу № 356-б
Кыргыз Республикасы менен Европалык союздун ортосундагы кызматташтык боюнча кеңештин Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 22-июлунда боло турган онунчу заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Ибраимова Эльмира Султановна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Азылов Жыргалбек Кумарович - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королчулугундагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Бекиев Бекболот Жапарович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Бурханов Айткул Мустафаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Касымов Камбарали Жолотаевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Мукашев Данияр Муратбекович - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королчулугундагы Элчилигинин кеңешчиси;
Тилебалиев Айбек Алмасбекович - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королчулугундагы Элчилигинин кеңешчи - дипломат өкүлү;
Үтүрова Динара Жолдошевна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Косумбаев Данияр Омурбекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы.
2. Делегация мүчөлөрүнүн заседаниенин ишине катышууга байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |