Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-июлу № 357-б
1. Төш белгиси жана күбөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын 140 комплектисин даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер союзуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 301 000 (үч жүз бир миң) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эл чеберлер союзу төш белгиси жана күбөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын 140 комплектисин үлгүлөргө ылайык даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |