Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-июлу № 362-б
Кыргыз Республикасынын персонификацияланган мамлекеттик реестрин түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен Кыргыз Республикасынын персонификацияланган мамлекеттик реестрин түзүү үчүн маалыматтарды өз ара берүү боюнча ведомстволор аралык эки тараптуу макулдашуу түзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |