Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-июлу № 369-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн балансына өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) Аппаратына 1991-жылы чыккан, кыймылдаткыч № WAUZZZ4AZ№№000471 "Ауди-100" маркасындагы автомашинаны жана 2000-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 3027027, кузов № 311000Y0338006 "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны;
- Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгына - 1997-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 4800542, кузов № ХТА210740W1085529 "ВАЗ-21074" маркасындагы автомашинаны;
- Талас облусунун мамлекеттик телерадиокомпаниясына - 1999-жылы чыккан, кыймылдаткыч № Х3327690, кузов № 311000X0238510 "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны;
- Талас айыл чарба техникумуна - 1999-жылы чыккан, кыймылдаткыч № Х3327864, кузов № 311000X0238437 "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |