Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-июлу № 370-б
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Таластагы "Манас" интернат-лицейинин иштешине тиешелүү шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Таластагы "Манас" интернат-лицейин жайгаштыруу үчүн Талас облусу, Талас району, Көк-Ой айылы, Манас көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан Талас облустук бириктирилген ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн имаратын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Таластагы "Манас" интернат-лицейин каржылоону эске алуу менен белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиешелүү долбоорду киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |