Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-июлу № 372-б
Электр жана почта байланышы тармагында эл аралык келишимдерди жана милдеттенмелерди Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "АкТел" жоопкерчилиги чектелген коому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин ортосунда түзүлгөн жана 2007-жылдын 18-декабрындагы № 07-643 лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган лицензиялык макулдашууга ылайык "АкТел" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан которулуучу 40,0 млн. сомдун республикалык бюджетке түшүшүн эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
- Эл аралык электр байланыш союзуна, Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна, байланыш тармагындагы Региондук шериктештикке жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин маалыматташтыруу боюнча Координациялык кеңешине мүчөлүк акыларды төлөсүн жана бул уюмдарга мүчөлүк акылар боюнча 7353,0 миң сом суммасындагы карызды ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен жойсун, ал эми 32647,0 миң сом суммасындагы каражаттын калган бөлүгүн радиомониторингдин мамлекеттик системасын андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин атайын эсебине которсун.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |