Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-июлу № 375-б
Женева шаарында (Швейцария) 2008-жылдын 23-июлунан 12-августуна чейин өтө турган Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун XXIV Конгрессинин ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда жиберилсин:
Сулайманов Н.Ч. | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегация башчысы (2008-жылдын 4-9-августу), |
Дооранов А.Д. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын начальниги, делегация башчысынып орун басары (2008-жылдын l-12-августу), |
Рысалиев И.З. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, делегация башчысынын орун басары (2008-жылдын 22-27-июлу), |
Мавлянов Н.Ж. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары (2008-жылдын 22-июлунан 10-августуна чейин), |
Орозбеков Д.Р. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын тышкы байланыштар болүмүнүи начальниги (2008-жылдын 22-июлунан 10-авгусгуна чейин) |
Давлетов Э.К. | Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар болүмүнүн эксперти (2008-жылдын 4-9-августу), |
Жумалиев М.К. | Бириккен улуттар уюмунун жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү |
2. Делегациянын барышына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |