Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-июлу № 382-б
Республиканын тамеки өнөр жайын өнүктүрүүнү камсыздоо, ошондой эле бул тармакка инвестицияларды тартуу маселелерине тиешелүү нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Реемтсма Цигареттенфабрикен Гмбх" коомунун (Гамбург, Германия) ортосундагы Кыргыз Республикасында сигарет өндүрүшүн өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттарын аткарууну инвентаризациялоо боюнча төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мураталиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын терагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Иманалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Давлеткельдиева Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Шатманов К.А. - "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Реемтсма, Цигареттенфабрикен Гмбх" коомунун (Гамбург, Германия) ортосундагы Кыргыз Республикасында сигарет өндүрүшүн өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттарын аткарууну инвентаризациялоону бир айлык мөөнөттө "Реемтсма-Кыргызстан" ачык акционердик коомунун катышуусунда жүргүзсүн, анын натыйжалары боюнча маалымкат даярдасын жана аны өзүнүн сунуштары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын иштерин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги камсыз кыла тургандыгы белгиленсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ