Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 24-июлу № 385-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2008-жылдын 28-29-июлунда болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 55-заседаниесине жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 40-заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Усупов Үсөн Макаевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси;
Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Кочконов Казыбек Маматкасымович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин биринчи секретары;
Кенжекулова Замира Самидиновна - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атташеси.
2. Делегация мүчөлөрүнүн көрсөтүлгөн заседаниелерге катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдарды белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү - командировка мөөнөтү 2008-жылдын 27-30-июлу.
Премьер-министр | И.Чудинов |