Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-июлу № 388-б
1. "Машиналар жана жабдуулар" статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына каралган каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген лимиттин чегинде эки кызматтык автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автотранспортту сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |