КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-июлу № 389-б
1. "Машиналар жана жабдуулар" статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген лимиттин чегинде бир автомашина-рефрижератор сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |