Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-июлу № 390-б
Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик системасынын кызматкерлери үчүн тиешелүү эмгек шарттарын түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Чүй-Бишкек-Талас региондор аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгына белгиленген тартипте кызматтык максатта пайдалануу үчүн Талас облусунун Талас шаарынан администрациялык имарат сатып алууга уруксат берилсин.
2. Администрациялык имарат сатып алуу "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттын чегинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |