Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-июлу № 391-б
Республиканын театралдык искусствонун андан ары өнүктүрүү жана калктын ар кандай катмарларынын маданий дөөлөттөргө кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Талас облустук музыкалык-драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого Кедейликти кыскартуунун борбордоштурулган фондунан бөлүнгөн 4 млн. 500 миң (төрт миллион беш жүз миң) сом суммасындагы каражатты Талас облустук мамлекеттик администрациясынын «Капиталдык курулуш башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы аркылуу театрдын жаңы имаратын куруу үчүн пайдалансын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |