Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-июлу № 392-б
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына ылайык, "Датка" 500/220 кВ подстанциясын долбоорлоого жана курууга, ВЛ-220 кВ электр тармактарын реконструкциялоого инвестицияларды тартуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн электр менен жабдууну жакшыртуу жана гидроэлектрстанциялардын кубаттуулуктарды толук берүүсүн камсыздоо үчүн:
1. "Датка" 500/220 кВ подстанциясын куруу жана ВЛ-220 кВ электр тармактарын реконструкциялоо жагында инвестициялык тендер өткөрүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Айткулов М.А. - "Кыргызстаидын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы;
Исраилов А.Н. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Назаров Ж.М. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Рахманов П.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Стамалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетика бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы.
2. Комиссия төмөнкүдөй мөөнөттө:
- 2008-жылдын 25-июлуна чейин тендердик документтерди иштеп чыгып, аларда финансылык компенсация катары "Датка" 500/220 кВ подстанциясын куруу жана ВЛ-220 кВ электр тармактарын реконструкциялоо боюнча инвестициялык тендердин жеңүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиктерисиз жана финансылык катышуусуз 100 млн. тонна запасы бар "Сүлүктү" көмүр кенин иштетүү максатында кен байлыгын пайдалануу укугуна лицензия берүүнү карасын;
- 2008-жылдын 10-сентябрына чейин тендер өткөрсүн жана тендердин натыйжаларын бекитүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Комиссия мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Комиссиянын уюштуруу, методикалык жана башка ишмердигин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |