Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 6-июлундагы № 269-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 30-июлу № 396-б
Австрия Республикасынын Вена шаарында 2008-жылдын 11-14-августунда өткөрүү пландаштырылган Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын үчүнчү заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Айжигитов Султанбай Абдрашитович - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Мокенов Айдар Абдразакович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Масиров Кошбай Масирович - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жумабеков Маратбек - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кулмурзаева Ирина Тургунбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Приживойт Рина Негматовна - Кыргыз Республикасынын Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакия Республикаларындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын ОБСЕнин, БУУнун алдындагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;
Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;
Биланова Асел Билановна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин үчүнчү секретарынын милдетин аткаруучу.
2. Комиссия мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
3. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын заседаниесин өткөрүү боюнча функцияны ишке ашырсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |