Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 30-июлу № 397-б
Борбордук-Азиялык жана Түштүк-Азиялык «CASAREM» электр энергиянын региондук рынокторунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Афганстан Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын, Афганстан Ислам Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы «CASA 1000» электр берүү линиясын куруу добоорун иштеп чыгуу жана Борбордук-Азиялык жана Түштүк-Азиялык электр энергиянын региондук рынокторун андан ары өнүктүрүү боюнча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрине ушул Макулдашуунун долбоору Исламабад шаарында (Пакистан Республикасы) талкуулангандан кийин принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |