Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 31-июлу № 398-б
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтуна белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- 1996-жылы чыккан, кыймылдаткыч номери 25169747, кузов номери KLAEM13W11B085608 "Дэу принц" маркасындагы андан ары эксплуатациялоого жараксыз болуп калган автомашинаны эсептен чыгарууга;
- жарактуу түйүндөрдү жана агрегаттарды андан ары пайдалануу үчүн кампага кириштөөгө, ал эми башка бөлүктөрүн металл сыныктарына тапшырууга;
- металл сыныктарын тапшыруудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджеттин кирешесине которууга.
2. Кызматтык автотранспортту эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын 8-октябрындагы № 285/б буйругу менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 28-ноябрында катталган. Катталган номери 151-02) Бюджеттик мекемелерде, уюмдарда негизги каражаттарга таандык жараксыз абалга келген имараттарды, курулмаларды, машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндөгү нускамага ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |