Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 610-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-августу № 400-б
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин материалдык-техникалык базасын колдоо максатында:
1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине Курулушка үлүштүк катышуу жөнүндө келишимдин шарттарында "Лидеркурулуш" жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте үлүштүк катышуу менен окуу аудиторияларын курууга катышууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети менен бирдикте "Лидеркурулуш" жоопкерчилиги чектелген коому менен Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 43 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 0,463 га жер участкасына Курулушка үлүштүк катышуу жөнүндө келишим түзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |