Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-августу № 402-б
1. Кыргыз-Индиялык Тоо Биомедицина Илимий Борборун уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумдун (мындан ары Меморандум) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Индия Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз-Индия өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин, соода-экономикалык кызматташуу жаатында өз ара кызыкчылыктардын жаңыланышын жана өсүшүн эске алуу менен, илим жана медицина, тагыраак айтканда бийик тоолуу биология жана медицина жагында эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулуу менен, бийик тоолуулук көйгөйлөрүнүн актуалдуулугун эсепке алып, бийик тоолуу биология жана медицина проблемаларын, Кыргызстанда жана Индияда соңку медициналык технологияларды уюштуруу, ишке киргизүү, жайылтуу жана өнүктүрүү маселелерин чечүүдө Тараптардын окумуштууларынын, клиницистеринин жана дарыгерлеринин күч аракеттерин бириктирип, төмөнкүлөр тууралуу ниеттерин билдиришти:
1-статья.
Кыргыз-Индиялык Тоо Биомедицина Илимий Борбору (мындан ары - КИТБМИБ) уюштурулсун. КИТБМИБ Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана катталат. КИТБМИБ Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган, ОШХ) менен УКТБнын ортосундагы Кызматташуу жөнүндөгү меморандумда Тараптар белгилеген шарттарды эске алуу менен финансылык жана колдоонун башка түрлөрүн көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине (мындан ары - КР ССМ) караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда (мындан ары - УКТБ) жана Индия Республикасынын Коргоо изилдөөлөрүн өнүктүрүү боюнча уюмунда (Defeтce Research aтd Developmeтt Orgaтizatioт - мындан ары DRDO) жайгашат.
2-статья.
КИТБМИБди уюштуруунун максаты төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- бийик тоолуу шарттарга кыска жана узак мөөнөттө адаптациялануу механизмдерин иликтөө боюнча илимий изилдөөлөрдү жана экспертиза жүргүзүү;
- адамды бийик тоолуу шарттарда климатташтыруу процессин жакшыртуу жана тездетүү боюнча методдорду өнүктүрүү;
- молекулярдык биологиянын ыкмаларын колдонуу менен адамдардын бийик тоолуу шарттарга адаптациялануу жана бийик тоолуу аймактардагы оорулардын өнүгүү механизмдеринин критерийлерин иликтөө боюнча изилдөө жүргүзүү;
- бийик тоолуу аймактардагы оорулардын адамда өнүгүшүнө өтө сезгичтигин жана туруктуулук маркерлерин аныктоо;
- бронхиалдык астма, аз кандуулук жана башка ушул сыяктуу патологиялык абалдардын чыдамдуулугун жогорулатуу жана аларды коррекциялоо максатында бийик тоолуу аймакка адаптациялануу жана башка технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
- тоо медицина жана бийик тоолуу биология тармагындагы адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, илимий практикалык тажрыйбаларды алмашуу;
- илимий изилдөөлөрдүн жана окутуунун сапатын жакшыртуу максатында окумуштуулар жана аспиранттар өз ара жиберишүүнү жүргүзүү;
- DRDOдо иштеп чыгарылган жабдууларды жана продукцияларды (НАРО мүшөгү, био-дегистор, азот кычкылдыгын өткөрүү (берүү) үчүн система, алоэден крем, сууктан коргоочу жылыткычы менен кол кап жана байпактар ж.б.) баалоо жана илгерилетүү;
- Индияда жана Кыргызстанда иштетилип чыккан жаңы медициналык диагностикалык технологияларды жана алдыңкы медициналык "ноу-хауну" ишке киргизүү жана жайылтуу;
- көп тараптуу илимий программалардын Тараптарынын, анын ичинде, башка өлкөлөрдүн илимий өкүлдөрүнүн макулдугу менен колдоо.
3-статья.
Тараптар КИТБМИБди ачуу, башкаруу үчүн зарыл болгон жардамды жана анын ишмердигин камсыздоого көмөк көрсөтүшөт жана Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган, DRDO менен УКТБнын ортосунда Кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун негизинде иштешет.
4-статья.
КИТБМИБди уюштуруу, аны башкарууга Тараптардын катышуу шарттары ушул Кызматташуу жөнүндөгү ушул меморандумда (мындан ары - КЖМ), КИТБМИБдин уставында, ошондой эле Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган, DRDO менен УКТБнын ортосунда Кызматташуу жөнүндөгү меморандумда белгиленген.
5-статья.
Долбоордун баяндалышы. Долбоор беш жылга эсептелген. Каржылоо 65 миллион индия рупийин түзөт. Долбоордун аталышы "Кыргыз-Индиялык Биргелешкен Долбоор: Адамдардын ишке жөндөмдүүлүгүн стимулдаштыруунун молекулярдык механизмдерин иликтөө менен бийик тоолуу аймакка климатташтырууну изилдөө жана тоодо оорунун өтүшүн жеңилдетүү".
6-статья.
Финансылык милдеттенмелер:
1. DRDOнун милдеттери:
DRDO, Индия Республикасынын Коргоо министрлиги, Индия Республикасынын Өкмөтү Долбоордун колдонуу мөөнөтүнө (беш жыл) жалпы суммасы 65000000 (алтымыш беш миллион) индия рупийине же 1664000 (бир миллион алты жүз алтымыш төрт миң) АКШ долларына КИТБМИБди каржылоого макул.
DRDO КИТБМИБди зарыл каржылоону, Бишкек шаарындагы жана Төө-Ашуудагы ага таандык жайларды оңдоону жана модернизациялоону, КИТБМИБ үчүн илимий жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды сатып алууну, ошондой эле анын бөлүмчөлөрүн Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Бишкек шаарында жайгашкан Элчилиги аркылуу иштетүүнү камсыздайт, УКТБ өзүнүн финансылык доо арыздарын Индия Элчилигине бере алат. DRDO ошондой эле КИТБМИБдин бардык жерлериндеги электр энергия, жылуулук, суу менен камсыз кылуу үчүн чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттенет. DRDO биргелешкен Долбоордун алкагында жумуш кылуу үчүн жиберилген өз персоналына эмгек акыны төлөп турат.
Каражаттар төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлөт:
┌──┬────────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│№ │ Бөлүмдөрдүн аталышы │ Сумма │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┬────────────────┤
│ │ │ Индия рупийи │ АКШ доллары │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┼────────────────┤
│1 │Жабдуулар │ 30 млн. │ 770000 │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┼────────────────┤
│2 │Керектелүүчү материалдар, │ 20 млн. │ 510000 │
│ │реактивдер, топтомдор жана │ │ │
│ │сынамыктар (бир жылда 4 млн. │ │ │
│ │индия рупийи 5 жыл бою) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┼────────────────┤
│3 │Имараттарды оңдоо жана │ 7,5 млн. │ 200000 │
│ │модернизациялоо │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┼────────────────┤
│4 │Электр жана суу менен камсыз │ 5,0 млн. │ 120000 │
│ │кылуу, канализация ж.б. (бир │ │ │
│ │жылда 1 млн. 5 индия рупийи │ │ │
│ │5 жыл бою) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┼────────────────┤
│5 │ВМЭОнун тике чыгымдары │ 2,5 млн. │ 64000 │
├──┼────────────────────────────────┼────────────────┼────────────────┤
│ │Бардыгы: │ 65 млн. │ 1664000 │
├──┴────────────────────────────────┴────────────────┴────────────────┤
│ Алтымыш беш миллион индия рупийи же бир миллион алты жүз алтымыш │
│төрт миң АКШ доллары. 1 АКШ доллары = 39 Индиялык рупий. │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Таблицага эскертүү: (1)ден (4)кө чейинки пункттар КИТБМИБ үчүн жана (5) пункт DRDOнун командировкалык жана башка чыгымдары.
Сатып алууларды КИТБМИБ Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен ишке ашырат.
2. УКТБнын милдеттери:
УКТБ Долбоордун колдонуу мөөнөтүнө Бишкек шаарында жана Төө-Ашууда жумушчу жайларды, анын ичинде тиешелүү инфраструктурасы менен имараттарын бериши керек. УКТБ ошондой эле бул жерлерде иштөө үчүн эмгек ресурстары менен камсыз кылат. Адам ресурстарына окумуштуулар, техникалык персонал жана администрациялык штат кирет. Долбоор боюнча, анын мөөнөтүндө окумуштууларга жана башка персоналга ишти камсыздоочу штат катары эмгек акы төлөнөт. УКТБ ошондой эле КИТБМИБди коргоону камсыз кылуу боюнча чыгымдарды өзүнө алат. Зарыл болгон учурда УКТБ долбоор боюнча маалыматтарды жана тиешелүү документтерди берет. 5 жыл иштегенден кийин Долбоорго колдоо көрсөтүү жана анын мүлкүн пайдалануу менен байланышкан бардык маселелерди УКТБ өз алдынча чечет.
7-статья.
КИТБМИБди башкаруу Тараптардын - УКТБ жана DRDOнун ар биринен алтыдан өкүл болгон Башкаруучулар кеңеши тарабынан жүргүзүлөт. Башкаруучулар кеңешинин милдетине КИТБМИБдин директорун дайындоо, КИТБМИБдин илимий изилдөө пландарын бекитүү, КИТБМИБдин бюджетин бекитүү, КИТБМИБдин илимий ишмердиги жөнүндө отчетторду жана финансылык отчетторду угуу кирет.
Башкаруучулар кеңешинин мүчөлөрү:
Кыргыз тарабы
КИТБМИБдин директору
КР ССМнын алдындагы УКТБнын директору
МБМИИИнин директору
УКТБнын директорунун илим боюнча орун басары
УКТБнын окумуштуу катчысы
МБМИИИнин окумуштуу катчысы
Индия тарабы/РКРО
Башкы контролер R&D Жашоо жөнүндө илим, DRDO
Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси/Элчилиги
FA&JS, Финансылык департамент, DRDO HQ
Жашоо жөнүндө илимдин директору, DRDO
ДИПАСтин директору,
Катчы.
КИТБМИБ финансылык эсептин өзүнчө китебин жүргүзөт.
КИТБМИБ бардык жабдуулар үчүн өзүнчө реестр жүргүзүүнү колдойт.
8-статья.
1. Интеллектуалдык менчикке укук:
- КЖМнын алкагында Илимий-изилдөө иштеп чыгуулар (R&D) ишинин учурунда бардык маалымат, ошондой эле УКТБда түзүлгөн интеллектуалдык менчикке пайда болгон укуктар төмөнкү жоболордун предмети болуп каралат.
2. Аныктама: КЖМнын бул бөлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жоболор белгилүү мааниге ээ:
- "Маалымат" - ар түрдүү маалымат, алардын түрүнө жана мүнөзүнө карабастан билим же маалыматтар, бирок алар менен чектелбеген, илимий жана техникалык табиятка ээ: эксперименттик маалыматтар же тест маалыматтары, дизайндар, өркүндөтүүлөр, фотосүрөттөр, программалык камсыздоо (анын ичинде код), отчеттор, окуу китептери, адистешүүлөр, техникалык жабдуулар, аудиожазуулар, сүрөттөр жана башка графикалык объекттер, ноу-хау, иштелип чыккан продукция жана алардын түзүүчү бөлүктөрү, блоктор жана компоненттер, ошондой эле алардын үлгүлөрү жана эксперименттик моделдери, анын ичинде алардын модификациялары;
- "Интеллектуалдык менчикке укуктар" мыйзам менен корголуучу өзүнө патенттерди, каттоодон өткөн жана катталбаган пландарды, автордук укуктарды жана соода маркаларын камтыган, бирок алар менен чектелбеген маалыматка жана башка материалдык эмес менчикке болгон юридикалык укуктарды билдирет;
- "Баштапкы маалымат" Тараптардын КЖМга кол койгонго чейин алынган, бирок КМЖнын максатына жетүү үчүн зарыл же пайдалуу болгон ар кандай болгон маалыматын билдирет;
- "Баштапкы интеллектуалдык менчикке укуктар" - мыйзам менен корголуучу, өзүнө патенттерди, каттоодон өткөн жана катталбаган пландарды, автордук укуктарды жана соода маркаларын камтыган, бирок алар менен чектелбеген Баштапкы маалыматка жана башка материалдык эмес менчиктерге юридикалык укуктар;
- "Артыкчылыктуу маалымат" К&Б ишмердүүлүгүнүн натыйжасына КЖМнын Тараптары иштеп чыккан же алган каалаган маалыматты билдирет;
- "Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктар" мыйзам менен корголуучу өзүнө патенттерди, каттоодон өткөн жана катталбаган пландарды, автордук укуктарды жана соода маркаларын камтыган, бирок алар менен чектелбеген Артыкчылыктуу маалыматка жана башка материалдык эмес менчикке болгон юридикалык укуктарды билдирет.
3. КЖМнын Тараптары ар кандай Артыкчылыктуу маалыматты жарыялоодон мурда Маалыматтын жашыруун эместигине жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктар бузулбагандыгына ынаныш үчүн кеңешет жана консультация алууга макулдашат.
4. Баштапкы маалыматка менчик укугу жана Баштапкы интеллектуалдык менчикке укуктар ага ээ болгон Тарапка тиешелүү болушу керек. Ошентсе да алуучу Тарап Меморандумдун алкагында К&Б ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн Баштапкы маалыматты пайдаланууга укуктарды жана Баштапкы интеллектуалдык менчикке укукту алат. Баштапкы маалыматты жана Баштапкы интеллектуалдык менчикке укукту ар түрдүү максаттарда, анын ичинде сатуу же коммерциялык ишмердүүлүктүн башка формаларында пайдаланууга аталган КЖМнын Тараптарынын ортосунда кошумча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алынган макулдашууну түзгөндөн кийин гана уруксат берилиши мүмкүн.
5. КЖМнын алкагында R&D ишинин мезгилинде DRDO жана УКТБнын кызматкерлеринин биргелешкен иштеринин натыйжасында пайда болгон Артыкчылыктуу маалыматка бардык укуктар жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктар DRDOнун жана УКТБнын биргелешкен менчиги болуп эсептелет. УКТБ Кыргыз Республикасындагы мындай биргелешкен Артыкчылыктуу маалыматты жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктарды пайдаланууга калем акы төлөөсүз ээ болот. Буга окшоп, DRDO Индиядагы мындай биргелешкен Артыкчылыктуу маалыматты жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктарды пайдаланууга калем акы төлөөсүз ээ болот.
6. Аталган КЖМнын алкагында R&Dнын иштөө мезгилинде УКТБнын гана кызматкерлеринин иштеринин натыйжасында түзүлгөн Артыкчылыктуу маалыматка бардык укуктар жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктар УКТБнын гана менчиги болуп эсептелет. Бирок, DRDO Индияда ушул Артыкчылыктуу маалыматты жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктарды пайдаланууга калем акы төлөөсүз лицензияга (патентке) ээ болот.
7. Ушул КЖМнын алкагында R&Dнын иштөө мезгилинде DRDOнун гана кызматкерлеринин иштеринин натыйжасында пайда болгон Артыкчылыктуу маалыматка бардык укуктар жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктар DRDOнун гана менчиги болот. Бирок, УКТБ Кыргыз Республикасында ушул биргелешкен Артыкчылыктуу маалыматты жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктарды пайдаланууга калем акы төлөөсүз лицензияга (патентке) ээ болот.
8. Эгерде Тараптардын бири биргелешкен менчик же Тараптардын биринин менчиги болуп эсептелген кандай болбосун Артыкчылыктуу маалыматты жана Артыкчылыктуу интеллектуалдык менчикке укуктарды каалаган үчүнчү өлкөдө же үчүнчү өнөк менен жайылткысы же пайдалангысы келсе ушул КЖМнын эки Тарабы тең мындай пайдалануу же жайылтуу шартына алдын ала макулдугун бериши керек.
9. КЖМнын Тараптары Интеллектуалдык менчикке укуктарды каттоодон өткөрүүнүн, анын ичинде Артыкчылыктуу маалыматка патент алууга арыз берүүнүн формасын толтуруунун алдында кеңешет жана консультация алышат.
9-статья.
Талаш-тартыштарды чечүү:
- бардык талаш-тартыштар Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет;
- Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү жана КЖМнын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
10-статья.
Бул КЖМ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири ушул КЖМнын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу башка Тарапка алты ай мурун жазуу жүзүндө билдирмейинче аракетте болот.
Бишкек шаарында 2008-жылдын " _____ " _______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул КЖМнын жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн:
| Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн:
|
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси,
|
Д-р М.А.Мамбетов | Мистер Джоти Сваруп Панде
|
Күбө | Күбө
|
Профессор А.С.Джумагулова, КТУБдун директору
|
|