Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-августу № 403-ба
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун туулган күнүнүн 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Токтосартов А. - "Руханият" эл аралык ассоциациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Нурмамбетов Т. - "Кырчын" журналынын башкы редактору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Эралиев С. - Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);
Жусуев С. - Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);
Курбанов Ж. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Абдрашев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Тыналиева Ү.М. - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Алиев А.Т. - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор;
Сатаров А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Субаналиев С. - Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтунун ректору;
Мавлянов А.С. - Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин, аны өткөрүү датасын аныктасын жана Жунай Мавляновдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |