Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 7-августу № 403-б
Кыргыз Республикасынын эл акыны Темиркул Үмөталиевдин туулган күнүнүн 100 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Масиров К.М. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Ааматов М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын расмий басылмаларды жана котормолорду чыгаруу башкармалыгынын начальниги;
Алиев А.Т. - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Асанов Д.А. - Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилердин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Советтер Союзунун Баатыры (макулдашуу боюнча);
Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Жумалиев К. - жеке ишкер (макулдашуу боюнча);
Кулбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамыров Р. - жеке ишкер (макулдашуу боюнча);
Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор;
Орозбеков М.О. - Темиркул Үмөталиев атындагы Ош мамлекеттик университетинин ректору;
Садыков С. - "Эркин-Тоо" басма үйүнүн директору - башкы редактор;
Слащева Т.М. - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору башкы редактор;
Стамов А. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Тентимишев М. - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (макулдашуу боюнча);
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Үмөталиева Ж.Т. - Темиркул Үмөталиевдин кызы (макулдашуу боюнча);
Усубалиев Т.У. - мамлекеттик коомдук-саясий ишмер (макулдашуу боюнча);
Шаботоев Р.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |