Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 7-августу № 404-б
Транспорт каражатынын наркына жараша белгиленген 5 проценттик жыйым алуунун тартибин жөнгө салуучу талаптардын жана ченемдердин карама-каршылыктарын четтетүү жана аларды конкреттештирүү максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Жумагулова Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча),
Калиева К.Е. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин салыктык администрациялоо башкармалыгынын башкы инспектору;
Дүйшеев А.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын фискалдык мыйзамдар жана баалоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Имамов К.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Абилов У.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармалыгынын башкы адиси.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгондо төмөнкүлөргө укук берилсин, белгиленген тартипте:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун өкүлдөрүнөн адистерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан маалымат сурап алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |