Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-августу № 406-б
Кыргыз Республикасында социалдык адаптациялоо тутумун түзүү, аскер кызматын өтөөнүн чектик курагына жеткен аскер кызматчыларын жарандык коомго андан ары интеграциялоо үчүн аларды кайра даярдоо боюнча маселелерди иштеп чыгуу максатында:
1. Аскер кызматчыларын социалдык адаптациялоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кенжисариев М.С. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги, топтун жетекчиси;
Давлетов А.Э. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги;
Скатневский Ю.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин юристи – жетекчиликти камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Иманалиев Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин кадрлар бөлүмүнүн начальниги;
Койлубаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Ардагерлер кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Сманов Э.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү;
Байгазиев С.О. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти;
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууга жана методикалык камсыздоого жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык адаптациялоо тутумун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |