Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-августу № 410-б
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ден соолукту чыңдоо иш-чараларды жүргүзүү үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясына 2008-жылга республикалык бюджеттен 11,0 млн. сом суммасындагы финансылык каражат бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргызстан профсоюздар федерациясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- бул буйруктун 1-пунктунда каралган каражаттын чегинде бюджеттик чөйрөнүн (билим берүү, илим, маданият, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана башкалар) кызматкерлерин профсоюздук уюмдардын ден соолукту чыңдоочу жайларында санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга путевкалар менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мыйзамда белгиленген мөөнөттө бюджеттик ассигнованиелердин пайдаланылышы жөнүндө отчет берүү.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |