Редакцияот 14.08.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 14-августу № 411-б

1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына "Машиналар жана жабдуулар" статьясы боюнча каралган каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген лимиттин чегинде жогору өтүмдүүлүктөгү бир автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автотранспортту сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов