Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-мартындагы № 81-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-августу № 414-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 297-IV токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын финансылык системасын өнүктүрүүнүн үч жылдык стратегиясын иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Чокоев З.Л. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Нусупбеков К.Ч. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Шамканов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Шамшиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын финансылык системасын өнүктүрүүнүн үч жылдык стратегиясынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун методикалык, уюштуруу жана башка иштерин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |