Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-августу № 418-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык бирикмесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана калкка медициналык-санитардык жардамды уюштурууну жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык бирикмесине белгиленген лимиттин чегинде СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун каражатынын эсебинен антиретровирустук препараттарды, тест-системаларды жана медициналык багыттагы буюмдарды ташуу үчүн 2 атайын автотранспорт сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автотранспорт сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |