Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-августу № 419-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Жайыл районунун мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- 1989-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 10292210077679, кузов № 965083 "Даймлер-Бенц-230" маркасындагы автомашинаны мамлекеттик администрациянын балансынан Жайыл районунун калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө;
- райондук бюджеттин киреше бөлүгүн ашыра аткаруунун эсебинен, "Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын автотранспорт сатып алуусу жөнүндө" Жайыл райондук кеңешинин 2008-жылдын 2-июнундагы № 45 токтомуна ылайык бир кызматтык жеңил автомашина сатып алууга.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |