Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-августу № 423-б
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-октябрындагы № 503-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-августундагы № 275 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн 133,6 млн. (бир жүз отуз үч миллион алты жүз миң) сом тапсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 503-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |