Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-августу № 425-б
2008-жылдын 24-августунда "Assema№ Air" авиакомпаниясынын (Иран) Боинг-737-200 аба кемеси ("Итек Эйр" авиакомпаниясынан ижарага алынган), каттоо номери ЕХ-009, Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында аварияга учуроосунун кесепетинен курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2008-жылдын 24-августунда Боинг-737-200 аба кемесинин авариясынын кесепетинен курман болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам үчүн каражат тапсын жана:
Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө 100000 (жүз миң) сомдон;
Кыргыз Республикасынын жабыркаган, стационардык дарылануудагы жарандарынын үй-бүлөлөрүнө - 50000 (элүү миң) сомдон бир жолку материалдык жардам бөлсүн;
- аталган материалдык жардамды берүүнүн тартибин бекитсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |