Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-августу № 426-б
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Литва Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун башкармалыгынын ортосунда Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Литва Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун башкармалыгы,
эки өлкөнүн социалдык камсыздандыруу системаларын реформалоодо тажрыйба алмашуу максатында теңчиликтин жана өз ара пайданын негизинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашып,
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын өнүктүрүү максатында ез ара кызыкчылыкты, социалдык камсыздандыруу тармагында эки мамлекеттин алдыдагы биргелешкен иш-аракетинин зарылдыгын эске алышып,
социалдык камсыздандыруу камсыздоо тармагындагы өз ара кызматташтыкты камтуучу бул иштин маанилүү экендигин таанышып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Тараптар алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө макулдашты жана бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар үчүн өз ара кызыкчылыкты көрсөтүүчү тармактарда эл аралык келишимдерди түзүшөт.
2-статья.
Тараптар төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташууга макулдашты:
- социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча маалыматтарды алмашуу;
- адистерди, консультанттарды, кеңешчилерди бири-бирине жиберүү аркылуу техникалык кызматтарды көрсөтүү;
- социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча тажрыйбаларды алмашууга көмөктөшүүчү биргелешкен семинарларды, конференцияларды, жолугушууларды өткөрүү;
- социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча делегацияларды жана эксперттерди жиберүү;
- макулдашылган программалардын негизинде биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү.
3-статья.
Ар бир Тарап экинчи Тараптын өтүнүчү боюнча ушул Макулдашууну ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү максатында консультацияларды өткөрөт, Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты стимулдоо үчүн жолдорду жана каражаттарды карайт. Консультацияларды өткөрүү орду жана убактысы Тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленет. Тараптар бул Макулдашуунун алкагында кызматташтыктын көлөмүн жыл сайын аныкташат. Аны ишке ашыруу боюнча финансылык жана уюштуруу маселелери Тараптардын тиешелүү финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чечилет.
4-статья.
Бул Макулдашуудан келип чыккан маалыматтарды алмашуу орус тилинде ишке ашырылат.
5-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу достук негизинде жөнгө салынат.
6-статья.
Бул Макулдашуу боюнча кызматташтык төмөнкүдөй принциптерге ылайык Тараптар жагынан каржыланат: кабыл алуучу өлкөнүн аймагына келүүгө байланыштуу чыгымдарды кабыл алуучу Тарап, ал эми жол кире боюнча чыгымдарды жиберүүчү Тарап тартышат.
7-статья.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга зарыл толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 8-статьясында каралган тартипте күчүнө кирүүчү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу тиешелүү протоколдор менен таризделет.
8-статья.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
200___-жылдын "______"_________ ______________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, литва жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык үч текст тең бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу үчүн | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Литва Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун башкармалыгы үчүн
|
_________________ Төрага М.Султанов | ___________________ Директор М.Микайла
|