Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-августу № 430-б
Кант диабети менен ооругандарга медициналык-профилактикалык жардам берүүнүн сапатын жакшыртуу, кант диабетинин эртелеп күчөп кетүү, майыптуулук жана өлүмгө дуушар болуу деңгээлин азайтуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кант диабети менен ооругандарга акысыз медициналык-санитардык жардам берүүнү камсыз кылсын;
- жарым жылдык керектөө көлөмүндө диабетке каршы препараттардын (инсулиндин) запасынын мамлекеттик резервин түзүү үчүн келерки жылга зарыл финансылык каражаттарга болгон ар жылдык керектөөлөрдүн эсептөөлөрүн жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- үч айлык мөөнөттө алдыңкы муундарын ампутациялоо боюнча тобокелдик тобуна кирген кант диабети менен ооругандарды ортопедиялык бут кийим жана батек, муундары ампутацияланган оорулууларды - протез жана кыймыл каражаттары менен камсыздоо тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- кант диабети менен ооругандарга, аларды көнүктүрүү жана реабилитациялоо, жана/же алардын жашоо-турмушунун нормалдуу шарттарын дайыма сактап туруу максатында социалдык жактан тейлөөнү камсыздоо.
3. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |